G-SHOCK ТАРЫХЫ

30 жыл мурун CASIO компаниясында иштеген инженер жаратылыш мыйзамдарын  колго алууга жетишкен. Ал борбордон качма күчүнө жана суунун жогорку басымына
туруктуу, соккуну көтөрө алган  сааттарды иштеп чыгарган. Ошондон тартып, G-SHOCK бренди мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу жана өз жолун тандоонун символу  боло алды.

Бул жактан дүйнө боюнча эң бекем жана туруктуу саатардын концепциясы жана иштелип чыгышы тууралуу билүүгө болот.

ФИЛОСОФИЯСЫ

БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ БЕКЕМДИК

Биринчи  G-SHOCK иштелип чыккан мезгилде кол сааттары назик буюм деп эсептелген. Баардыгы  компаниясына жаш инженер келгенден тартып башталган, ал «жерге түшкөндө сынбай турган саатты жаратуу» кыялы менен жашаган.

CASIO компаниясы 1974-жылдары эле алгачкы электрондук сааттарды иштеп чыгуудан улам таанымал болгон, ал эми 1980-жж. аягында  G-SHOCK сынбай турган үлгүлөрүн жаратуу CASIO үчүн тармакка толугу менен кыйла таасир берүүгө мүмкүнчүлүк берген. G-SHOCK алгачкы үлгүсү DW5000 рынокто 1983-жылы пайда болгон. Анын жаралышы болуп көрбөгөндөй ийгиликтин башаты болгон: G-SHOCK үлгүлөрү бардык өзгөчөлүгү жана түзүлүшү менен дүйнө боюнча шаардын баардык жаш тургундарынын сүймөнчүгүнө айланган.

G-SHOCK соккуга туруктуу сааттары тез арада бекемдиктин, жаңылануунун жана көп функционалдуулуктун символу боло алды. Анткени  саатты скейтборд же велосипедди айдоодон мурун чечип коюу керектелбей калган. Соккулар жана урунуулар –  G-SHOCK үчүн көйгөй эмес. 35 жылдан бери G-SHOCK сааттары  бардык кырдаалда универсалдуу жана ишенимдүү:  күнүмдүк жашоодо, спорт менен машыгууда жана жаратылышта активдүү эс алууда  экстремалдуу жүктөм учурунда. G-SHOCK сааттарын чектөөгө  баш ийбегендер тандайт жана биздин сааттар толугу менен бул сыймыкка татыктуу.

Көбүрөөк окуу

ЭЧ КАЧАН АРТКА КАЙТПОО

1980-жж. башында  Кукио Ибэ CASIO сааттарынын  башкы дизайнери болгон. 1981-ж. ал  үч кишиден турган өз тобун түзгөн: алардын максаты Ибе кыялданып жүргөн такыр сынбаган сааттарды жаратуу болуп саналган. «Үч ондук» концепциясын ишке ашыруу үчүн бардык аракеттер жумшалган. Топ ар түрдүү материалдарды сынап көргөн, алгачкы прототиптер соккуга каршы эң каттаал сыноолордон өткөн. Бирок Ибэ изденүүнү уланта берген, анткени эң катуу металл да сааттардын ичин коргой алган эмес. Топ өзүн аябастан тынымсыз иштей берген, канчалаган айлар өтсө да, максат али алыста болгон…

Ошентип, бир күнү Ибэ паркта отуруп, балдардын ойноп жатканын көрөт жана ошол жерден ага ой  келет:  «секирип жаткан резина тобунун ичиндеги нерсе толугу менен соккудан сакталган». Бул байкоо топко  корпустун ичинде калкып турган модулу бар көңдөйлүү түзүлүшкө ээ саатты иштеп чыгууга жардам берген.

Сыноо баскычы узакка  созулган жана жөнөкөй болгон эмес: ал эки жылга созулган. Корпусту  жана түрдүү тетиктерин жакшыртуу үчүн 200дөн ашык сыноо үчүн прототиптер жасалган. Ошентип отуруп, оптималдуу параметрлер даяр болгон, 1983-жылы рынокто алгачкы соккуга туруктуу G-SHOCK сааттары пайда  болгон. G-SHOCK соккуга каршы  туруктуулугу жаңы өзгөртүүчү принциптерди колдонууну камсыздаган: «корпустун көңдөйлүү түзүлүшү», толугу менен коргоо жана маанилүү  бөлүктөрдү каптап турган амортизациялык катмар. Бул саат тууралуу жаңы түшүнүктөрдүн орун алуусуна себеп болгон. Бул идеялар азыркы күнгө чейин G-SHOCK сааттарынын негизи болуп саналат.

Көбүрөөк окуу

ҮЧ ОНДУК

Батареялар 10 жылга чейин иштейт, 10 барга чейинки басымда сууга каршы туруктуулук камсыздалган, ошондой эле сааттар 10 метрге чейинки бийиктиктен  жерге түшүүдө сынбайт. «Үч ондук» концепциясынын негизги  талаптары да дал ушулар. Сынбай турган сааттын үстүндө изденүүдө түзүлүштүн ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна жете алдык. Алгачкы G- SHOCK сааттары 1983-ж. рынокко чыккандан тартып  изденүүлөр улантыла берген, бирок негизги үлгүнүн уникалдуу дизайны азыркы күнгө чейин өзгөртүлбөйт. MT-G эң көрүнүктүү үлгүлөрү да G-SHOCK сааттарынын мүнөздүү туруктуулугуна ээ. G-SHOCK кварцтык механизми CASIO амортизация системасы менен корголгон, ал акыркы 35 жылдан бери улам жакшыртылып келген жана сынбай турган G-SHOCK үлгүлөрүнө ийгиликти кепилдей алган. MR-G коллекциясы тандалма жасалгандыгы менен өзүнө тартат: сааттардын корпусу жана браслети чийиктерден коргоочу, алмаз сыяктуу углерод менен капталган, жогорку сапаттуу титандан жасалган.

Көбүрөөк окуу

DW-5000C

Рынокко CASIO атынан алгачкы G-SHOCK үлгүсү чыгарылган. Ал сааттардын узакка иштей аларын тастыктаган көрүнүктүү мисал болгон. Мындан сырткары, 1983-жылдагы окуялар: Уюлдук телефондун биринчи үлгүсү тартууланган.

DW-5500C

Булганууга туруктуу корпусу менен G-SHOCK Мындан сырткары, 1985-жылдагы окуялар: .com алгачкы домени катталган. Microsoft Windows 1.0ду чыгарган.

AW-500

Аналогдук-санариптик дисплейи бар жана соккуга каршы туруктуу түзүлүшкө ээ G-SHOCK алгачкы үлгүсү. Мындан сырткары, 1989-жылдагы окуялар: Nintendo тарабынан Game Boy чыгарылган. Microsoft тарабынан Microsoft Office сунушталган.

DW-6100

G-SHOCK сааттары термометр менен толукталып, температураны көрсөтө баштаган. Мындан сырткары, 1992-жылдагы окуялар: ДНК-идентификация ыкмасын иштеп чыгуу. «Молчание ягнят» тасмасы эң мыкты тасма деп аталып «Оскарга» ээ болгон.

DW-6300

Суу алдындагы сааттар үчүн суудан коргоо стандартына ылайык 200 м чейинки тереңдикте сууга каршы туруктуу болгон дайверлер үчүн алгачкы G-SHOCK сааттары. Мындан сырткары, 1993-жылдагы окуялар: WWW (интернет) пайда болду Рынокко AOL чыгарылган

DW-6500

G-SHOCK сааттары аба ырайындагы өзгөрүүлөрдү белгилеп турган жана бийиктикти/тереңдикти өлчөй алган басым билдиргичтери (датчик) менен толукталган Мындан сырткары, 1994-жылдагы окуялар: Англия менен Франциянын ортосунда Евротоннель ачылган

MRG-100

Салмактуу жогорку сапаттуу болоттон жасалган G-SHOCK алгачкы үлгүсү рынокко чыгарылган Мындан сырткары, 1996-жылдагы окуялар: Интернет-колдонуучулардын саны тез арада көбөйгөн eBay интернетте өзүнүн алгачкы соода аянтчасын ачкан.

DW-9300

DW-9300 үлгүсү чыккандан тартып сааттын батарейкаларын алмаштыруу артта калды. Күн батарейкасынын пайда болушу менен алар кам көрүүнү талап кылбайт. Мындан сырткары, 1998-жылдагы окуялар: Google компаниясы түзүлгөн.

GW-300

Радиосинхронизациялуу жана күн батарейкасы бар алгачкы G-SHOCK сааттары. Сааттарды которуу эми талап кылынбай калган. Мындан сырткары, 2002-жылдагы окуялар: «Человек-паук» тасмасы кинотеатрларда өтө чоң ийгиликти багындыруу менен көрсөтүлүп, 406 миллион каражатты топтой алган.

DW-5600B

Өтө бекем кевлардуу браслети бар G-SHOCK үлгүсү чыгарылган. Мындан сырткары, 2005-жылдагы окуялар: Рынокко Xbox 360 чыгарылган Алгачкы жолу аял - Ангела Меркель Германиянын канцлери болгон.

GW-9200

Бийиктикти өлчөгүч, аба басымын өлчөгүч жана температураны көрсөткүчү бар, Multiband 6 технологиясына негизделген радиосинхронизациялуу алгачкы үлгү Мындан сырткары, 2008-жылдагы окуялар: Телекөрсөтүүлөрдө аналогдук каналдардын ордуна HD-каналдар пайда болгон Барак Обама АКШнын тарыхындагы алгачкы териси кара президент болуп шайланган.

GWF-1000

Дайверлер үчүн радиосинхронизациялуу, Multiband 6 технолгиясына ээ жана күн батарейкасы бар Frogman алгачкы үлгүсү. Мындан сырткары, 2009-жылдагы окуялар: Майкл Джексон дүйнө салган «Аватар» тасмасы кино тарыхында жаңы баракты ачты.

GW-3000

Учкучтар үчүн 15G чейинки жүктөмдү көтөрө алган алгачкы G-SHOCK сааттары Мындан сырткары, 2010-жылдагы окуялар: Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат – Бурдж-Халифа ачылган.

GB-6900

G-SHOCK сааттары эми Bluetooth аркылуу смартфондорго туташа баштаган Мындан сырткары, 2012-жылдагы окуялар: «Пчелка Майя» өзүнүн 100 жылдык мааракесин майрамдаган

GPW-1000

Гибриддик системанын жардамы менен GPS сигналдарын жана радиосигналдарды кабыл алган дүйнө боюнча алгачкы сааттар Мындан сырткары, 2014-жылдагы окуялар: Германия Бразилияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты уткан.

MTG-G1000D

Core-Guard жана Triple G Resist түзүмдүү түзүлүштөн улам өтө жогорку бекемдик жана туруктуулук Мындан сырткары, 2015-жылдагы окуялар: Дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнүн алкагында бирдиктүү макулдашууга кол койгон.

MRG-G1000HT

GPS сигналдарын жана радиосигналдарды кабыл алган, Япониянын салттуу «цуики» техникасы менен иштелип чыккан, салмактуу титандуу корпуска ээ алгачкы MR-G Hammer Tone үлгүсү Мындан сырткары, 2016-жылдагы окуялар: Нико Росберг Формула-1дин чемпиону болгон жана бир нече айдан кийин эле карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган.

GST-B100-1AER

Бул коллекцияда металлдын, бекем резинанын жана Bluetooth аркылуу телефонго туташуу мүмкүнчүлүгүнүн уникалдуу айкалышы ишке ашкан.

GMW-B5000D-1ER

Алгачкы жолу 5000-серияда бардык сырткы бөлүктөрү салмактуу дат баспаган болоттон жасалган.
1983
1985
1989
1992
1993
1994
1996
1998
2002
2005
2008
2009
2010
2012
2014
2015
2016
2017
2018

ТЕХНОЛОГИЯ: УБАКЫТТАН АЛДЫГА УМТУЛУУ МЕНЕН

G-SHOCK сааттарынын айырмачылыгы бир гана ишенимдүүлүгү эмес, техникалык жасалышынын көркөмдүүлүгү болуп саналат: экологиялык жактан таза күн батареяларын колдонуудан тартып Bluetooth®, GPS жана радиосинхронизация технологияларына чейин. G-SHOCK сааттарында дайыма эң заманбап техникалык  жетишкендиктер колдонулуп келген.

ПОИСК

Корзина